С.Юсупова айыл өкмөтүнүн сайты

Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтү

Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтү

2024-жылдын 24-августунда С.Юсупова айыл аймагында ишембилик өткөрүлдү

2024-жылдын 24-августунда С.Юсупова айыл аймагында Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына карата даярдык көрүү багытында ишембилик өткөрүлдү. Араван районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 20-августундагы №01-14/263 буйругу менен бекитилген иш-чаралар планынын негизинде, майрамга карата даярдык көрүү жана өткөрүү максатында айыл аймагындагы мектеп, мектепке чейинки билим берүү уюмдары, мекеме-ишканалар тарабынан ишембилик өткөрүлдү. Ар бир мекеменин имаратын жана айлана-чөйрөсүн тазалоо, актап-сырдоо жана иретке келтирүү иш-аракеттери жүргүзүлдү.

Scroll to Top