С.Юсупова айыл өкмөтүнүн сайты

Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтү

Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтү

Жаңылыктар

1-октябрь карыялар күнү

С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Насридин Сатывалдиевич Абдураимов 1-октябрь эл аралык карыялар күнүнө карата жарыяланган бир айлык майрамдын алкагында айыл аймагындагы жашы уулу инсандардан кабар алды.

Аким менен жолугушуу

2024-жылдын 3-октябрында Араван районунун акими С.Д.Кулубаев С.Юсупова айыл аймагынын Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүнүн жашоочулары менен жеринен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга С.Юсупова айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, Араван районунун мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери, ишкана-мекемелердин жетекчилери катышты. Негизинен аким Араван – Дөбө-Коргон чоң жолунун боюнун тазалыгын сактоо боюнча жашоочуларга кайрылып кетти. Ошондой эле айыл тургундарына жергиликтүү маанидеги жаралып жаткан көйгөйлөрү талкууланды.

Айыл аймагында ишембилик өткөрүлдү

2024-жылдын 21-сентябрында С.Юсупова айыл аймагындагы мектептерде, мектепке чейин билим берүү уюмдарында жана ишкана-мекемелерден кызматкерлери тарабынан, имаратын жана айлана-чөйрөсүн тазалоо, актап-сырдоо жана иретке келтирүү иш-аракеттери жүргүзүлдү. Ошондой эле С.Юсупова айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан айыл аймагынын негизги жолдордун жээги, Араван-Сайдын жээгиндеги таштандылар тазаланып, иретке келтирилди.

С.Юсупова айыл аймагында жаңы кудук (скважина) ачылды

2024-жылдын 31-август күнү С.Юсупова айыл аймагында Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата түзүлгөн иш-чаранын алкагында жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына карата Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүндө жаңы кудук (скважина) казылып, пайдаланууга берилди. Скважинанын ачылышына Араван райондук администрациясынын башчысы-аким С.Д.Кулубаев, С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Абдураимов, ишкана-мекемелердин жетекчилери, айыл тургундары катышышты. Иш-чарада С.Юсупова айыл өкмөтүнө

2024-жылдын 24-августунда С.Юсупова айыл аймагында ишембилик өткөрүлдү

2024-жылдын 24-августунда С.Юсупова айыл аймагында Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына карата даярдык көрүү багытында ишембилик өткөрүлдү. Араван районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 20-августундагы №01-14/263 буйругу менен бекитилген иш-чаралар планынын негизинде, майрамга карата даярдык көрүү жана өткөрүү максатында айыл аймагындагы мектеп, мектепке чейинки билим берүү уюмдары, мекеме-ишканалар тарабынан ишембилик

2024-жылдын 17-августунда С.Юсупова айыл аймагында ишембилик өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 15-августундагы “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” №52-191 буйругу менен бекитилген иш-чаралар планынын негизинде, майрамга карата даярдык көрүү жана өткөрүү максатында С.Юсупова айыл аймагындагы мектептерде, мектепке чейин билим берүү уюмдарында жана ишкана-мекемелерде кызматкерлери тарабынан, имаратын жана айлана-чөйрөсүн

Көрнөк-жарнактар алынып, демонтаждоо иштери ыкчам жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 24-июлундагы №20-6492 сандуу катын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 25-июлундагы №01-38/741 сандуу катын жана Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким С.Д.Кулубаевдин тапшырмасынын негизинде, С.Юсупова айыл аймагындагы жол четинде жайгашкан көрнөк-жарнактар алынып, демонтаждоо иштери ыкчам жүргүзүлдү.

Scroll to Top