С.Юсупова айыл өкмөтүнүн сайты

Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтү

Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтү

С.Юсупова айыл аймагында жаңы мектеп ачылды

С.Юсупова айыл аймагындагы Эрке-Кашка айылынын М.Султанов көчөсүндө жайгашкан мурдагы жеке лицейдин жер аянты имараты менен Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитети тарабынан айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылып, капиталдык ремонттон өткөрүлүп, ордуна 1170 орунга ылайыкташтырылган муниципалдык мектеп ачылды. Аталган мектепке № 40 Жусуп Абдрахманов атындагы мектеп наамы ыйгарылды. 2024-2025-окуу жылына даярдалып 2024-жылдын 2-сентябрында ачылуу аземи салтанаттуу түрдү өткөрүлдү.
Аталган орто мектебинин ачылышына Араван райондук администрациясынын башчысы-аким С.Д.Кулубаев, С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Абдураимов жана ата энелер катышышты.
Scroll to Top