2024-жылдын 3-октябрында Араван районунун акими С.Д.Кулубаев С.Юсупова айыл аймагынын Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүнүн жашоочулары менен жеринен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга С.Юсупова айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, Араван районунун мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери, ишкана-мекемелердин жетекчилери катышты. Негизинен аким Араван – Дөбө-Коргон чоң жолунун боюнун тазалыгын сактоо боюнча жашоочуларга кайрылып кетти. Ошондой эле айыл тургундарына жергиликтүү маанидеги жаралып жаткан көйгөйлөрү талкууланды. Негизинен элден турак-жай, жана Б.Айдаров көчөсүндөгү мектеп окуучуларын райондун борборундагы мектептерге, балдар бакчаларына ташып келүүчу коомдук транспортту уюштуруу маселелери боюнча суроо-талаптар коюлду.