С.Юсупова айыл өкмөтүнүн сайты

Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтү

Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтү

Жаңылыктар

Эскертүүлөр берилди

С.Юсупова айыл аймагында Араван-Сай жээгинде жайгашкан объекттердин тийиштүү документтерин аныктоо максатында, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан жазуу жүзүндө эскертүүлөр берилүүдө. Ошондой эле сайдын жээгине мыйзамсыз куруп алган жана эч кандай тийиштүү документтери жок обьекттер айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан бузулууда.

Жол чырак (светофор орнотулду)

С.Юсупова айыл өкмөтү шаар статусун алуу иштеринин алкагында жана Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким С.Д.Кулубаевдин демилгесименен, айыл аймагынын Араван айылынын Б.Айдаров жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишине жол коопсуздугун камсыздоо максатында жол чырактары (светафор) орнотулуп, иштей баштады. Ага жергиликтүү бюджеттен 1046000 миң сом акча каражаты сарпталды. Урматтуу айдоочулар жана жүргүнчүлөр жол эрежелерине баш ийип, коопсуздукту сактоого чакырабыз.

Scroll to Top