С.Юсупова айыл өкмөтүнүн сайты

Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтү

Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтү

С.Юсупова айыл аймагында жаңы кудук (скважина) ачылды

2024-жылдын 31-август күнү С.Юсупова айыл аймагында Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата түзүлгөн иш-чаранын алкагында жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына карата Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүндө жаңы кудук (скважина) казылып, пайдаланууга берилди.
Скважинанын ачылышына Араван райондук администрациясынын башчысы-аким С.Д.Кулубаев, С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Абдураимов, ишкана-мекемелердин жетекчилери, айыл тургундары катышышты.
Иш-чарада С.Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу “Ак ниет-Араван” муниципалдык ишканын жетекчиси С.Ж.Нурдинов жаңы кудуктун (скважина) ачылышына жакындан жардам бергендерге өз ыраазычылыгын билдирип, ардак грамоталар менен сыйлады.
Кудукту (скважина) ишке түшүрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 3 204289 (үч миллион эки жүз төрт миң эки жүз сексен тогуз) сом, райондук өнүктүрүү фондунан 3 796068 (үч миллион жети жүз токсон алты миң алтымыш сегиз) сом акча каражаты сапрталды. Аталган кудук (скважина) 450 кожолукту таза суу менен жана 65 га жерлерди сугат суу менен камсыз кылат. Ошондой эле аталган кудук Араван райондук Өзгөчө кырдаалдардын өрт өчүрүү унаасын 5 минут ичинде суу менен толтура алат.
Scroll to Top