С.Юсупова айыл өкмөтүнүн сайты

Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтү

Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтү

Жаңылыктар

С.Юсупова айыл аймагында жаңы кудук (скважина) ачылды

2024-жылдын 31-август күнү С.Юсупова айыл аймагында Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата түзүлгөн иш-чаранын алкагында жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына карата Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүндө жаңы кудук (скважина) казылып, пайдаланууга берилди. Скважинанын ачылышына Араван райондук администрациясынын башчысы-аким С.Д.Кулубаев, С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Абдураимов, ишкана-мекемелердин жетекчилери, айыл тургундары катышышты. Иш-чарада С.Юсупова айыл өкмөтүнө […]

2024-жылдын 24-августунда С.Юсупова айыл аймагында ишембилик өткөрүлдү

2024-жылдын 24-августунда С.Юсупова айыл аймагында Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына карата даярдык көрүү багытында ишембилик өткөрүлдү. Араван районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 20-августундагы №01-14/263 буйругу менен бекитилген иш-чаралар планынын негизинде, майрамга карата даярдык көрүү жана өткөрүү максатында айыл аймагындагы мектеп, мектепке чейинки билим берүү уюмдары, мекеме-ишканалар тарабынан ишембилик

2024-жылдын 17-августунда С.Юсупова айыл аймагында ишембилик өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 15-августундагы “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” №52-191 буйругу менен бекитилген иш-чаралар планынын негизинде, майрамга карата даярдык көрүү жана өткөрүү максатында С.Юсупова айыл аймагындагы мектептерде, мектепке чейин билим берүү уюмдарында жана ишкана-мекемелерде кызматкерлери тарабынан, имаратын жана айлана-чөйрөсүн

Көрнөк-жарнактар алынып, демонтаждоо иштери ыкчам жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 24-июлундагы №20-6492 сандуу катын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 25-июлундагы №01-38/741 сандуу катын жана Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким С.Д.Кулубаевдин тапшырмасынын негизинде, С.Юсупова айыл аймагындагы жол четинде жайгашкан көрнөк-жарнактар алынып, демонтаждоо иштери ыкчам жүргүзүлдү.

Эскертүүлөр берилди

С.Юсупова айыл аймагында Араван-Сай жээгинде жайгашкан объекттердин тийиштүү документтерин аныктоо максатында, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан жазуу жүзүндө эскертүүлөр берилүүдө. Ошондой эле сайдын жээгине мыйзамсыз куруп алган жана эч кандай тийиштүү документтери жок обьекттер айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан бузулууда.

Жол чырак (светофор орнотулду)

С.Юсупова айыл өкмөтү шаар статусун алуу иштеринин алкагында жана Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким С.Д.Кулубаевдин демилгесименен, айыл аймагынын Араван айылынын Б.Айдаров жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишине жол коопсуздугун камсыздоо максатында жол чырактары (светафор) орнотулуп, иштей баштады. Ага жергиликтүү бюджеттен 1046000 миң сом акча каражаты сарпталды. Урматтуу айдоочулар жана жүргүнчүлөр жол эрежелерине баш ийип, коопсуздукту сактоого чакырабыз.

Scroll to Top